Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду: «Брид» компаниясы фондго мыйзамдуу түрдө өткөрүлгөн
«Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана анын жардамчысы Эркин Асрандиев «Брид» компаниясынын канаттуулар фабрикасын мыйзамсыз тартып алышкан деген маалымат жалган». Бул тууралуу аталган фонддун учурдагы башчысы Эркин Асрандиев super.kg порталына билдирди.
Ал өз сөзүндө айыптап жаткан тараптын бардык пикирин атайын документтердин негизинде жокко чыгара ала турганын айтты.
«Брид» компаниясы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алууда канаттуулар фабрикасын 2 миллион 700 миң долларга күрөөгө койгон. 2016-жылдын аягында негизги суммасын төлөө мөөнөтү келгенде компания акчаны төлөй албай калган. Мындан улам фабрика биздин кызматкерлер тарабынан текшерүүгө алынган. Натыйжада насыя алуу учурунда көрсөтүлгөн документтеги абалы менен текшерүүдөгү абалы эки башка болуп чыккан.
Ошондон кийин компаниянын ээси Владимир Хегай менен жолугушуу өткөрүлгөн. Анда «Брид» компаниясы карызды төлөй албай жана канаттуулар ишканасын иштеткенге мүмкүнчүлүгү жетпей тургандыгы аныкталган. Мындан улам ишкананын ээсинин өз ыктыярынын негизинде мүлк фонддун карамагына өткөрүп берилсин деген жыйынтыкка токтолгонбуз.
Ошол учурда компаниянын карызы 2 миллион 800 миң доллардан ашык болчу. «Брид» компаниясынын ээси Владимир Хегайдын макулдугу менен ишкананы карыз болгон 2 миллион 800 миң долларга баалап, мыйзам чегинде нотариалдык жактан тастыкталып, мамлекеттик каттоодон өткөрүлүп, фонддун карамагына мыйзам чегинде ыйгарылган.
Компаниянын жактоочусу тарабынан менин жана Кубанычбек Кулматовдун дарегине айтылып жаткан айыптоосу негизсиз. «Брид» ишканасынын өнөктөштөрү жана жактоочусу биздин үстүбүздөн тиешелүү жактарга арыз менен кайрылып келишет. Кайрылгандардын арасында Владимир Хегай жок. Анткени ал өз ыктыяры менен ишкананы өткөрүп берген. Бирок жактоочу Хегайдын тил катын далил катары колдонуп келет», - деп жооп берди Асрандиев.
Кечээ, 27-августта "Брид" компаниясынын өнөктөштөрү жана жактоочусу маалымат жыйын өткөрүп, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана жардамчысы Эркин Асрандиевди компанияга караштуу канаттуулар фабрикасын мыйзамсыз тартып алышкан деп айыпташкан.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: